Адылбек Касымалиев самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты. Өз сөзүндө ал Кыргызстан үчүн мындай масштабдуу эл аралык спорттук иш-чараны өткөрүү чоң сыймык экенин белгиледи.

“Бүгүн Бишкекте дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 659 спортчу – ар кайсы континенттердин, маданияттардын жана каада-салттардын өкүлдөрү чогулду. Бул спорт адамдарды бириктирип, чек араларды жоюп, адамзаттын башкы идеалдарын – тынчтыкты, достукту жана өз ара урматтоону ишке ашыра тургандыгынын ачык далили. Бул чемпионаттын өзгөчө мааниси бар – ал Кыргызстанда самбонун 60 жылдыгына арналган! Биздин өлкөдө бул спорттун тарыхы 1965-жылы Сергей Жулдыбин анын алгачкы негизин түптөгөндө башталган. Ошондон бери самбо Кыргызстандын спорттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калды”, – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Адылбек Касымалиев бул чемпионат жогорку деңгээлде өтүп, унутулгус эмоцияларды тартуулап, дүйнөлүк самбонун тарыхында маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирди.

“Сиздер өз өлкөлөрүңүздөрдүн сыймыгысыздар, талыкпаган эмгектин, күчтүү рухтун жана жеткилеңдикке умтулуунун үлгүсүсүздөр. Бишкектеги бул күндөр жаркын жеңиштердин, калыс беттештердин убактысы болсун. Ал элдердин ортосундагы достук байланыштарды бекемдеп, тынчтыктын жана спорттук боордоштуктун символу болуп калсын”, – деди ал.

Связанный пост