Өлкөдө көмүр, күйүүчү-майлоочу май, азык-түлүктүн баасына дыкат көзөмөл жүргүзүлөт
Президенттик администрацияда экономика тармактарын жана калкты жеткиликтүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо, ошондой эле көмүрдүн, күйүүчү-майлоочу майдын, азык-түлүктүн баасына дыкат көзөмөл жүргүзүү маселесин талкуулаган жыйын болду.
Отурум президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаар мэрлеринин видео-конференц байланыш аркылуу жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп, ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өттү.
Жыйынга катышкандар негизинен көмүргө болгон баанын өсүшүнө жол бербөө, анын калк үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылууну талкуулашты.
Бул багытта минкаб төрагасынын орун басары, райондук мамлекеттик администрациялар, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, укук коргоо органдарына өлкөдөгү көмүр базалардагы бааны жана күйүүчү-майлоочу майдын баасын дыкат көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.
Ошондой эле “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына, жергиликтүү бийлик органдары жана көмүр кендери менен тыгыз кызматташуу, калкка көмүрдү жеткиликтүү баада, үзгүлтүксүз жана өз учурунда керектүү көлөмдө камсыздоо милдеттери коюлду.
Мындан тышкары, социалдык объекттерди альтернативдүү жылытуу системаларына өткөрүү иштерин карап чыгуу белгиленди. Аны менен катар, жалпы социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларына көзөмөлдү күчөтүү жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жарманкесин ишемби, жекшемби күндөрү келээрки жылдын жаз мезгилине чейин уюштуруп өткөрүп туруу тапшырмасы коюлду.
Маалым болгондой, жылытуу мезгилинде калктын керектөөсүнө 1 млн 465 миң тонна көмүр керектелсе, бюджеттик мекемелер үчүн 309,14 миң тонна керек. Өлкө боюнча 720 көмүр саткан база ачылган.
Отурумда коюлган тапшырмалардын аткарылышы тууралуу тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралары эскертилди.