Туманбаев: Айдоочулук күбөлүктү аралыктан алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Токмок шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун иши менен жеринде таанышты.
Башкармалыктан билдиришкендей, анда Туманбаев көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Сапардын алкагында ал санариптик кызматтарды мындан да кеңири жайылтуу зарылдыгын белгилеп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө адам факторун мүмкүн болушунча азайтуу керектигин баса белгиледи.
“Эми “Түндүк” тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктү аралыктан эле алмаштыруу мүмкүнчүлүгү киргизилет. Мындан тышкары, карапайым жарандар үйүнөн чыкпай туруп эле бардык керектүү мамлекеттик кызматтарды ала ала турган деңгээлге жетишибиз абзел”, — деди Каныбек Туманбаев.
Ал ошондой эле КТБ кызматкерлерине жарандарды тейлөөнү жогорулатуу, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жана ар бир кызматтын ыкчамдыгын арттыруу боюнча тапшырмаларды берди.
Туманбаев белгилегендей, санариптештирүү бул бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү эл үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу деңгээлге чыгаруунун негизги жолу болуп саналат.