Кыргызстан Бразилиядагы климаттык саммитте тоолуу экосистемаларды приоритеттүү коргоого чакырды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Белем шаарында (Бразилия) өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптардын 30-конференциясынын (COP30) алкагында өтүп жаткан дүйнөлүк лидерлердин климаттык саммитине катышууда.
Эдил Байсалов өз сөзүндө Кыргызстан чектелген ресурстарга карабастан, 1990-жылдан бери парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналарын белгиледи. Ал өлкөнүн жаңыланган Улуттук аныкталган салымын (УАС-3) – 2030-жылга чейин эмиссияны 18%га, ал эми эл аралык колдоо менен 30%га чейин кыскартууну, ошондой эле 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугу концепциясын ишке ашырууну улантууга умтуларын ырастады.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азербайжандын COP29 алкагындагы төрагалыгын жана адилеттүү климаттык каржылоонун приоритеттерин аныктаган “Баку – Белен” жол картасынын кабыл алынышын жогору баалады. Ал бул документ биринчи жолу тоолуу экосистемаларды токойлор жана океандар менен бир катарга коюп, алардын планетанын суу жана климаттык коопсуздугу үчүн негизги маанисин тааныганын баса белгиледи.
«“Баку – Белен” жол картасында белгиленгендей, тоолуу экосистемалар суу, биологиялык ар түрдүүлүк жана маданий мурас үчүн өтө маанилүү, бирок эң аз каржыланган бойдон калууда. Кыргызстан алардын өзгөчө статусун бекитүүгө жана тоолуу аймактарды адаптациялоо жана туруктуу өнүктүрүү программаларын приоритеттүү каржылоону камсыздоого чакырат», — деп билдирди Эдил Байсалов. Ал тоолуу рельефи бар өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, анын кесепеттерин жумшартуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык колдоо керектигин баса белгиледи.
Эдил Байсалов ошондой эле Кыргыз Республикасы 2027-жылы Бишкекте Тоолор боюнча экинчи глобалдык саммитти өткөрөрүн эске салды — бул биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин, — жана бардык өлкөлөрдү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында тоолор жана климат боюнча туруктуу диалог түзүү демилгесин колдоого чакырды.
Маалымат үчүн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясы (COP30) 2025-жылдын 10-21-ноябрында Белемде (Бразилия) өтөт. Ага мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары, министрлер, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. Негизги көңүл Париж келишимин аткарууга, климаттык каржылоону мобилизациялоого жана адаптация жана эмиссияларды кыскартуу боюнча чараларды күчөтүүгө бурулат.