Бишкекте депутаттыкка талапкер балта менен кол салууга шектелип кармалды
Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер балта менен кол салууга шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-ноябрда саат 17:34 чамасында Ленин райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүнө 1990-жылы туулган Б.Э. аттуу жаран “К.” аттуу киши тарабынан балта менен кол салуу болгондон кийин жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Анын сол колунун экинчи манжасы чабылып, ортон манжасынын сөөгүнүн жылышы менен коштолгон ачык сынык жарааты болгон.
Жабырлануучу Б.Э. өзүнүн арызында ага балта менен кол салган жаранга тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, Ш.К. аттуу жаран өзүнүн жубайы К.А.ны кызганып, жабырлануучуга балта менен кол салган.
Бул факты боюнча “Адам өлтүрүүгө кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ш.К. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын баракчасынан алынган маалымат боюнча, Ш.К. № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон өткөн.
Ошондой эле Ш.К. мурунку маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматында иштегендиги аныкталган.