Орунбеков: Учурдагы энергетикалык тартыштык сабырыбызды сынаган убактылуу көйгөй
Учурдагы энергетикалык тартыштык — биздин сабырыбызды сынаган убактылуу гана көйгөй. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, айрым жерлерде жарыктын өчүрүлүшү ыңгайсыздык жаратып жатканы анык.
“Электр энергиясына байланышкан талкууларды улай, мен дагы өз пикиримди билдирүүнү туура көрдүм. Туура, айрым жерлерде жарыктын өчүрүлүшү ыңгайсыздык жаратып, элдин нааразычылыгын туудуруп жатканын көрүп жатабыз. Андай жагдайларда өзүм да жашайм. Ошондуктан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайм.
Бирок мунун дагы өзүнүн жүйөөлүү себептери бар. Мамлекетибиз бүгүнкү күнгө чейин совет доорунда, тактап айтканда 60–70 жыл илгери курулган ГЭСтердин эсебинен жашап келди. Тилекке каршы, эгемендүүлүктү алгандан кийин, узак убакыт бою — дээрлик 30 жыл аралыгында жаңы энергетикалык булактар курулган жок.
Ал аралыкта калктын саны өсүп, ар жылы жүздөгөн жаңы имараттар, завод-фабрикалар курулууда. Алардын баары электр энергиясына муктаж. Натыйжада бүгүнкү күндө жарык тартыштыгы жаралып жатат. Бул көйгөй азыр эле чыккан жок — мурда да бар болчу. Бирок ал кезде маселе альтернативдүү жол менен чечилбей, кошуна өлкөлөрдөн кымбат баада электр энергиясы сатып алынып, элге арзан сатылган. Натыйжада мамлекет карызга батып келе берген.
2021-жылдан тартып, президентибиз Садыр Жапаров энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу багытында реформаларды баштады. Көп жылдар бою айтылып, бирок ишке ашпай келген «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭСтин кубаттуулугу 1860 МВт түзөт. Ал толук ишке кирсе, Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланат”,-деген ал.
Ал ошондой эле өлкө боюнча чакан жана орто ГЭСтерди куруу аркылуу энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аракеттери жүрүп жатканын белгилеген.
“2024-жылы өлкө боюнча бир катар жаңы гидроэлектр станциялары ишке берилди. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- Бала-Саруу ГЭСи – 25 МВт (Талас облусу)
- Ысык-Ата-1 ГЭСи – 2 МВт (Чүй облусу)
- Көк-Арт ГЭСи – 6,7 МВт (Жалал-Абад облусу)
- Кайнама ГЭСи – 9,6 МВт (Жалал-Абад облусу)
- Исфайрам-1 ГЭСи – 2 МВт (Баткен облусу)
- Курак-Тектир-1 ГЭСи – 0,6 МВт (Ош облусу)
- Арашан ГЭСи – 2,4 МВт (Ысык-Көл облусу)
- Белес ГЭСи – 0,54 МВт (Баткен облусу)
Жалпы орнотулган кубаттуулук 48,84 МВт болду.
2025-жылы ишке берилген жана бериле турган ГЭСтер:
-Койсууй ГЭСи – 9 МВт (Ысык-Көл облусу)
– Ысык-Ата-2 ГЭСи – 4 МВт (Чүй облусу)
– Аксы ГЭСи – 4,75 МВт (Жалал-Абад облусу)
– Боз-Учук ГЭСи – 5,54 МВт (Ысык-Көл облусу)
– Кара-Көл ГЭСи – 18 МВт (Жалал-Абад облусу)
Жалпы кубаттуулук 41,29 МВт.
Мындан тышкары, мурдагы ири ГЭСтерде реконструкция иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулук кошулууда:
- Токтогул ГЭСинин 4 агрегаты жаңыртылып, 240 МВт кубат кошулду.
- Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциянын алкагында 9 МВт кошулду, ал эми толук бүткөндө 36 МВт кошумча кубат берилет.
- Камбар-Ата-2 ГЭСинде 120 МВт экинчи агрегатты ишке киргизүү долбоору иштөөдө.
- Ат-Башы ГЭСинде жаңыртуу аркылуу 11,44 МВт кошулду.
- Лебединовка ГЭСинде реконструкция жүрүүдө.
- Ошондой эле Папан ГЭСи, Ылдыйкы Тар ГЭСи жана Быстровка ГЭСи боюнча даярдык жана долбоордук иштер уланууда.
2025–2030- жылдардагы чакан ГЭСтердин курулушу:
2025-жылы Баткен, Ош жана Чүй облустарында Кожо-Кайыр (Базарбай-Ата-3), Курак-Тектир-2, Шамшы жана Кең-Төр-1 ГЭСтери курулууда (жалпы 3,93 МВт).
2026-жылы 25 чакан ГЭС курулат.
Алардын ичинен негизгилери — Орто-Токой ГЭСи (21 МВт), Куланак ГЭСи (100 МВт), Тургент ГЭСи (26 МВт), Майлы-Суу ГЭСи (26 МВт), Ак-Сууй ГЭС-3 (17,66 МВт) жана башка көптөгөн долбоорлор. Жалпы кубаттуулук 286,21 МВт.
- 2027-жылы дагы 14 жаңы ГЭС ишке кирет, алардын ичинде:
- Папан ГЭСи (27 МВт),
- Жерүй ГЭСи (28 МВт),
- Чандалаш ГЭСи (30 МВт) сыяктуу ири долбоорлор бар. Жалпы кубаттуулук 172,88 МВт.
2028–2030-жылдары болсо Конорчок, Кызыл-Сууй, Кичи-Кемин, Кыштуут жана Нижний Тарский ГЭСтери курулат. Жалпы кубаттуулук — 44,7 МВт.
Жакынкы жылдары ишке ашуучу келечектүү долбоорлордун катарына Чоң-Кемин ГЭСи (26 МВт, Чүй облусу) жана Чок-Тал ГЭСи (3,7 МВт, Ысык-Көл облусу) кирет.
Мына жогорудагы ири, орто жана чакан ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүп жатат. Бул долбоорлордун арасында мамлекеттик да, жеке сектордун колдоосундагы да объекттер бар. Учурдагы энергетикалык тартыштык — биздин сабырыбызды сынаган убактылуу гана көйгөй.
“Мамлекет бул багытта тынымсыз аракеттерди көрүп жатат. Жогоруда айтылган долбоорлор ишке ашкан сайын, электр энергиясынын тартыштыгы акырындык менен жоюлуп, Кыргызстан энергетикалык жактан өз алдынча жана туруктуу мамлекетке айланат”,-деп жазган Орунбеков.