Кара-Кечеден күнүнө кеминде 5 миң тонна көмүр ташылып чыгууда
Кара-Кече көмүр кенинен бир суткада кеминде 5 миң тоннадан көмүр ташылып чыгууда. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ААКтын директору Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтымында, жакын арада көмүр ташуунун көлөмү дагы көбөйтүлөт.
“Бүгүнкү күндө кенде турган унааларга көмүр тынымсыз жүктөлүп жатат. Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн уюштурулган социалдык базаларга көмүр жеткирүү үчүн унаалар жетишсиз болгондуктан айдоочуларды бизге кошулууга чакырам. Каражатын убагында төлөп берип, калкты көмүр менен камсыздоого жардам бериңиздер”, – деди ал.