Садыр Жапаров Гиза пирамидаларына жана Чоң Египет музейине барды
Президент Садыр Жапаров Египет Араб Республикасына болгон расмий сапарынын маданий программасынын алкагында Гиза аймагындагы атактуу пирамидалар комплексин жана Чоң Египет музейин көрүп келди.
Мамлекет башчысына Египеттин эң байыркы цивилизациясынын жана маданий мурасынын символу болгон пирамидалардын тарыхы тууралуу айтып беришти.
Андан соң президент Египеттин президенти тарабынан 2025-жылдын 1-ноябрында салтанаттуу түрдө ачылган Чоң Египет музейине барды.
Музей байыркы Египет артефакттарынын коллекциясы чогултулган дүйнөдөгү эң ири археологиялык музей болуп саналат.
Мамлекет башчысы уникалдуу экспонаттар менен таанышып, музейдин дүйнөлүк маданий мурасты сактоодогу маанисин белгиледи.
Соңунда президент Садыр Жапаров музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, мисир тарапка жылуу кабыл алуу жана улуу цивилизациянын тарыхы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.