Садыр Жапаровдун Мисирге болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Мисир Араб Республикасынын Электр энергия жана энергиянын кайра жаралуучу булактары министрлигинин ортосундагы Электр энергиясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Мисир Араб Республикасынын Инвестициялар жана эркин экономикалык зоналар боюнча Башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен Мисир Араб Республикасынын Вакф (кайрымдуулук) министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Мисир Араб Республикасынын Борбордук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.