Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Египет Араб Республикасына расмий сапарынын алкагында орун алды. Тараптар Кыргызстандын президентинин бул сапары эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болорун белгилешти.
Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Биргелешкен кыргыз-егиипет Өкмөттөр аралык комиссиясын түзүүнүн маанисин баса белгилешип, ишкерлер кеңештерин түзүү жана бизнес-форумдарды өткөрүү боюнча келечектүү пландарды талкуулашты.
Жээнбек Кулубаев 2026-жылы Каир шаарында Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынганын маалымдап, Египет тараптан Бишкек шаарында өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүндүгүн кароого чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюу аземи болуп өттү.
Тараптар саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин тастыкташты.