Кыргызстанда −20° суук болот
Кыргызстанда 4-5-ноябрга карата аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратылды.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө.
Бул күндөрү айрым аймактарда жаан карга айланып, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, ал эми кээ бир жерлерде катуу жаан-чачын орун алат. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми айрым жерлерде 15-20 м/с чейин жетет.
Тоо этектериндеги жана тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Аба ырайынын температурасы:
- Чүй өрөөнү: түнкүсүн -1ден -6°Cге чейин, күндүз 0дөн +5°Cге чейин;
- Талас өрөөнү: түнкүсүн -2ден -7°Cге чейин, күндүз 0дөн +5°Cге чейин;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында (өрөөндөрү): түнкүсүн 0дөн -5°Cге чейин, күндүз +1ден +6°Cге чейин;
- Тоо этектериндеги райондордо: түнкүсүн -2ден -7°Cге чейин, күндүз -2ден +3°Cге чейин;
- Ысык-Көл ойдуңунда: түнкүсүн -4төн +1°Cге чейин, күндүз +1ден +6°Cге чейин;
- Нарын облусу (айыл чарба аймагы): түнкүсүн -4төн -9°Cге чейин, күндүз -1ден +4°Cге чейин;
- Тоолуу райондор: түнкүсүн -5тен -10°Cге чейин, күндүз 0дөн -5°Cге чейин;
- Бийик тоолуу аймактарда: түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10°.
Мындай туруксуз аба ырайы унаалардын, байланыш компанияларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине, жайыттарда жана мал багууда кыйындатат.
Мындан тышкары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында 6-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен -1ден -3°Cge чейин ушук жүрүшү күтүлүүдө, бул жашылча-жемишке, жабылбаган картошка жана кант кызылчасына коркунуч жаратат.
Жарандык коргонуу кызматтары тургундарга жана айдоочуларга этият болууну, зарыл болбосо алыскы сапарларга чыгуудан карманып турууну жана айыл чарба түшүмдөрүн үшүктөн коргоону сунуштайт.