Кореяда иштеп келген кыргызстандыктар пенсиялык топтомун алууда
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн кыргыз жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алууда.
Социалдык фонддон билдиришкендей, жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн кайрылгандардын саны 139 адамды түзөт. Алардан 96сы каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 43 адам чечимди күтүүдө.
Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3642 АКШ долларын түздү.