Манас шаарында унаа токтотуучу жайы жок коммерциялык объектилер жабылат
			
    Манас шаарында унаа токтотуучу жайы жок коммерциялык объектилер жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мэр Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, шаардын негизги көчөлөрүндөгү унаа токтотуучу жайы жок бардык коммерциялык объектилер, атап айтканда кафе, ресторан, дүкөн, дарыкана, ашкана, чачтарач, супермаркет, тез татым жайлары жана башка калкка кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгү токтотулат.
Бул боюнча мэрдин орун басары Уларбек Исмаилов күн мурун ишкерлер менен жыйын өткөрүп, аларга унаа токтотуучу жайларды уюштуруу талабын койду.
Ал бул кадам шаарда унаа тыгындарынын алдын алуу жана жою максатында жасалып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле алдыда негизги көчөлөрдү текшерүү иши баштала турганын кошумчалады.