Бишкекте жол кырсыктардын алдын алуу үчүн автобустарга көзөмөл күчөтүлдү
			
    Бишкек шаарында жүргүнчү транспорту катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейд жүргүзүлдү.
Кайгуул милициясынын маалыматына ылайык, рейд учурунда муниципалдык транспорт ишканасына караштуу жүргүнчү автобустар линияга чыгаар алдында кылдат текшерүүдөн өткөрүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында техникалык талаптарга жооп бербеген автобустарды айдаган айдоочуларга жана каттамга чыгууга жол берген жооптуу кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлдү.
Мындан тышкары, айдоочулар менен жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, унааларды өз убагында техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана кырсыкка алып келиши мүмкүн болгон мыйзам бузууларды болтурбоо боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Кайгуул милициясы мындай текшерүүлөр мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын, анын максаты жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук транспорт айдоочуларынын тартибин жогорулатуу экенин белгиледи.