Бир жумада өлкө ичинде 320 мас айдоочу кармалды
			
    27-октябрдан 2-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 22 804 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 844;
 - мас абалында унаа башкаруу – 320;
 - авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 165;
 - жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 043;
 - транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 251;
 - авто ээнбаштык – 29;
 - белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 754;
 - жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
 - башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 515;
 
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 880 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.