Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын экономикасынын алдыңкы ишканаларынын рейтингин жарыялады
Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторунун алдыңкы ишканаларынын жыйынды рейтингин жарыялады.
Изилдөөдө 2024-жылдын аягына карата экономиканын реалдуу секторунун 32 759 ишканаларынын маалыматтары колдонулду.
Жыйынтыкталган рейтинг былтыркы жылдагы маалыматтардын негизинде беш көрсөткүч боюнча түзүлдү:
- кызматкерлердин тизмелик саны;
- продукциялардан, товарлардан, жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча (жүгүртүү);
- продукцияларды, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүүдөн түшкөн дүн киреше жана башка операциялык кирешелер (түшкөн акча + башка операциялык ишмердиктен киреше – сатылган товарлардын наркы);
- операциялык ишмердиктен түшкөн пайда, чыгым;
- сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайдадан чыгаша кемитилет).
Рейтинг лидерлери
Биринчи орунду “Кумтөр Голд Компани” алды, ал өлкөнүн эң ири өндүрүштүк ишканасы бойдон калууда.
Экинчи орунга транспорт тармагына жүктөрдү тейлөө жана сактоо боюнча кызматтарды көрсөткөн “Кыргызстан аэропорттору” ААК (Бишкек) ээ болду.
Үчүнчү орунду кайра иштетүү тармагына тиешелүү “Альянс Алтын” ЖЧКсы (Талас району) ээледи.
Рейтингдин алдыңкы ондугунда төмөнкү ишканалар бар:
- “Кумтөр Голд Компани” ЖАК — Ысык-Көл облусу (кайра иштетүү өнөр жайы);
- “Кыргызстан Аэропорттору” ААК — Бишкек шаары (транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо);
- “Альянс Алтын” ЖЧК — Талас облусу (кайра иштетүү өнөр жайы);
- “Алтынкен” ЖЧК — Чүй облусу (кайра иштетүү өнөр жайы);
- “НУР Телеком” ЖЧК — Бишкек шаары (байланыш);
- “Альфа Телеком” ЖАК — Бишкек шаары (байланыш);
- “Эти Бакыр Терексай” ЖЧК — Жалал-Абад облусу (пайдалуу кендерди казып алуу);
- “Кыргыз темир жолу” УК” МИ — Бишкек шаары (транспорт жана жүктөрдү сактоо);
- “Газпром Кыргызстан” ЖЧК — облустук бөлүнүшү жок ишканалар (энергоресурстар менен камсыздоо);
- “Умай Групп” ЖЧК — Бишкек шаары (дүң жана чекене соода).