Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ИИББинин жаңыланган имаратына барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңыланган имараты менен таанышты.
Мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайгашкан имарат толугу менен реконструкцияланып, заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Бул жерде ыкчам бөлүмдөрдүн, тергөө кызматтарынын, нөөмөт бөлүгүнүн жана участкалык инспекторлордун натыйжалуу иштеши үчүн ыңгайлуу жана функционалдык шарттар түзүлгөн.
Санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Имаратта “Коопсуз шаар” долбоору менен интеграцияланган заманбап кырдаалдык борбор ачылган.
Борбор заманбап аналитикалык шаймандар жана видеокөзөмөл системалары менен жабдылган, бул борбор калаанын көчөлөрүндөгү абалды реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө, окуяларга ыкчам жооп кайтарууга жана коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, заманбап иш бөлмөлөр, жыйын жана басма сөз иш-чаралары үчүн залдар жабдылган. Жарандарды кабыл алуу жана кайрылууларды кароо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте башкармалыктын аймагына көчөт отургузууга катышты, бул өлкөнүн ички иштер системасын жаңыртуунун жана андан ары өнүктүрүүнүн белгиси болуп калды.