Old Bishkek комплексинин курулушу 80 пайызга аяктады – жол декабрда ачылат
Бишкектин борборунда шаардын негизги инфраструктуралык долбоорлорунун бири — Old Bishkek жер астындагы комплексинин курулушу уланууда. Октябрь айынын акырына карата жалпы курулуш иштеринин болжол менен 80 пайызы бүткөрүлгөн.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуштун жүрүшү менен жеке таанышуу максатында курулуш иштери менен таанышты. Аны Нариман Түлеев тосуп алып, курулуштун учурдагы этабы, жетишилген натыйжалар жана алдыдагы милдеттер тууралуу кеңири маалымат берди. Мэрди подряддык уюмдун өкүлдөрү, капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери, долбоордун архитекторлору коштоп жүрүштү.
Шаар башчысы иштин туруктуу темпин белгилеп, долбоордун заманбап шаардык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Миңдеген шаардыктар бул объектти чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Май айында капсула салынганда, көптөр долбоорду ишке ашырууга бир нече жыл кетет деп ойлошкон. Бирок бүгүн биз курулуш бардык технологияларды жана коопсуздук стандарттарын сактоо менен ишенимдүү темпте жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Биз иштерди өз убагында бүтүрүүгө эле эмес, борбор калаага заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз мейкиндикти тартуулоого умтулабыз”, – деп баса белгиледи Жунушалиев.
Иштер шаардын борбордук бөлүгүндө, транспорт жана жөө адамдардын агымы кесилишкен татаал шарттарда жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу долбоордо кыймылды уюштуруу жана жашоочулардын коопсуздук талаптары эске алынган.
Курулуштун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн адистердин саны көбөйтүлүп, күнү-түнү иштөө режими киргизилген жана бардык этаптарда сапатты көзөмөлдөө күчөтүлгөн.
Бүгүнкү күндө Чүй проспектиси боюнча бетон иштери аяктап, буу изоляциясы бүткөрүлгөн жана эки катмарлуу гидроизоляция орнотулууда. Жакынкы аралыкта жердин үстүн тегиздөө, асфальттоо жана айлана-тегеректи көрктөндүрүү иштери башталат.
250 орундуу унаа токтотуучу жайдын 60 пайыздан ашыгы даяр болду. Комплекстин курамында эки деңгээлдүү паркинг, көрктөндүрүлгөн жөө жүрүүчү зоналар жана жарандардын бардык категориялары үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылган тоскоолдуксуз чөйрө каралган.
Подряддык компаниянын директору Назгүл Түлеева шаар башчысына жүргүзүлүп жаткан иштерди көрсөтүп жатып, комплексти ишке ашырууда борбор калаанын жашоочуларынын ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.
“Шаардыктар Old Bishkek комплексинин ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Биз алардын үмүтүн актоого аракет жасап жатабыз. Иштер токтоосуз жүрүп, адистер күнү-түнү иштеп жатышат. Декабрь айынын аягында Чүй проспектисиндеги кыймылды толук ачуу жана комплексти эксплуатацияга киргизүү пландалууда. Бул анын бардык системалары – инженердик коммуникациялардан тартып, социалдык жана коммерциялык мейкиндиктерге чейин иштей баштайт дегенди билдирет”, – деп баса белгиледи ал.
Old Bishkek долбоору шаардын транспорттук жана жөө жүрүүчү инфраструктурасын жакшыртууга, коопсуздукту жогорулатууга жана борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.