“Манас” университетинде зергерчилик боюнча адистерди окутуу пландалууда
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейландын чакыруусу боюнча иш сапары менен Түркиянын Кахраманмараш шаарына барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Иш сапардын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Түркиянын алдыңкы зергерчилик борборлорунун бири, өзүнүн бай кол өнөрчүлүк салттары, заманбап технологиялары жана зер буюмдарын өндүргөн өнөр жай аянтчалары менен белгилүү Кахраманмараш шаарынын зергерчилик тармагы менен таанышты.
Мындан тышкары, Кахраманмараш зергерлер палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда кызматташуу маселелери, квалификациялуу зергер адистерин даярдоо жана бул тармактагы техникалык тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Салык кызматынын төрагасы Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен биргеликте зергерлерди даярдоо боюнча атайын факультетти ачуу пландаштырылып жатканын белгиледи.
Алмамбет Шыкмаматов бул кызматташтык өлкөнүн зергерчилик тармагын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирди.
Ал аталган демилге аркылуу жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейерин, зергердик буюмдардын сапаты жогорулай турганын кошумчалады. Аны менен бирге ассортимент көбөйүп, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана экспорттун көлөмү өсөрүн баса белгиледи.
Ошондой эле кыргыз зергерлеринин буюмдарын дүйнөлүк базарга чыгарууга жол ачылып, өлкөнүн жогорку сапаттагы продукция өндүрүүчү катары аброю бекемделерин билдирди.