Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 10,5 млн сом жеңилдетилген насыя берилди
 
			
    Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 10,59 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 84 каржылоо субъектисине берилди.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК катышууда. Кредиттөөнүн көлөмү 200 млн сом суммасын түзөт.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин токтому менен “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун бекитүү жөнүндө” долбоору бекитилген.
 
								 
                                     
                                    