Президент: Улуттук Банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген эң чоң кампага ээ болууда

“Улуттук Банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Улуттук банктын ардактуу эмгек жамааты!
Кымбаттуу ардагерлер жана бүгүнкү иш-чаранын кадырлуу меймандары!
Бүгүн биз өлкөбүздүн финансылык тарыхында жаңы барак ачып жатабыз. Бул күн – эгемендигибиздин, туруктуулугубуздун жана элибиздин ишениминин символу болгон маанилүү күн. Биз бул жерге улуттук валютабызды колдоп, республиканын банк жана төлөө системаларынын ишин камсыз кыла турган Улуттук банкыбыздын жаңы имаратын ачуу үчүн чогулдук.
Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылышы – мамлекетибиздин туруктуу өнүгүү жолундагы ишенимдүү кадамды, жаңыланууну тастыктаган чоң окуя!
Ушундан улам, баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жаңы имаратынын ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы – мамлекетибиздин эгемендигинин ажырагыс белгиси. Ал өлкөбүздүн көз карандысыздыгы менен кошо жаралган мекеме.
1991-жылы мамлекетибиз эгемендикке жеткенден кийин, эң алгачкы маанилүү кадам өзүбүздүн акча-кредиттик системабызды түзүү болгон. Ошол жоопкерчиликтүү мезгилде Улуттук банк мамлекеттин экономикалык пайдубалын бекем түптөй алды.
Ал эми 1993-жылдын 10-май күнү тарыхта өзгөчө орун алган күн болуп калды. Ал күнү улуттук валютабыз – сом жүгүртүүгө чыккан. Бул окуя – экономикалык эгемендигибиздин башаты болду. Ошол күндөн тарта сом кыргыз мамлекетинин сыймыгы болуп келатат.
Сомдун туруктуулугун камсыз кылуу – Улуттук банктын эң башкы милдети. Бул милдет ар бир жарандын турмушуна, ар бир үй-бүлөнүн жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган жооптуу милдет. Мына ошондуктан элдин сомго болгон ишеними – мамлекеттин бекемдигинин белгиси.
Салтанаттуу иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Соңку тарыхыбызда Улуттук банк инфляция, каржылык кризистер, пандемия, дүйнөлүк өзгөрүүлөр сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарды баштан кечирди. Бирок алардын ар биринде мекеме өзүнүн туруктуулугун жана кесипкөйлүгүн далилдеп келди. Бүгүнкү күндө биздин сом Борбор Азиядагы эң туруктуу валюталардын бири деп таанылууда.
Бул жетишкендик – өз ишине берилген кесипкөй адистердин жана каржы системасына эмгек сиңирген ардагерлердин талыкпас аракетинин натыйжасы. Сиздердин тер төккөн мээнетиңиздердин аркасында Улуттук банк элдин ишенимине ээ болуп, мамлекеттин туруктуулугунун тирегине айланды.
Тездик менен өзгөрүп жаткан ааламдашуу доорунда кажылык технологиялар, онлайн төлөмдөр, санарип банк кызматы, криптовалюталар – азыркы жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды.
Мындай шартта биз өзгөрүүлөрдөн артта калбай, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, экономикабызды заман талабына ылайык өнүктүрүшүбүз керек.
Ошондуктан Улуттук банкка заманбап багыттагы иш-аракеттерди күчөтүү, инновацияны өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды бердим. Анын ичинде “Санарип сом” долбоорун ишке ашыруу – эң маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Бул долбоор төлөм системаларынын коопсуздугун жана ылдамдыгын жогорулатып, жарандарга каржы кызматтарын ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.
Дагы бир маанилүү жаңылыкты бөлүшө кетейин. Биз мурда алтынды сактоо жагынан аксап келдик эле. Шартыбыз начар болчу. Мындан ары Улуттук Банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда. Эми биз өзүбүздүн алтынды гана эмес, чет өлкөлүк кардарларга да кызмат көрсөтүп, алтынын сактап берүүгө кудуретибиз жетет!
Ошондой эле Улуттук банктын ички түзүмдөрү жаңыланып, кибер коопсуздукту камсыз кылуу, банктык маалыматтарды коргоо, каржылык сабаттуулукту жогорулатуу багытында иш-аракеттер байма-бай болуп турушу зарыл. Эл аралык стандарттар менен улуттук кызыкчылыктардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо – башкы милдет!
Мындан тышкары, дүйнөлүк өзгөрүүлөргө шайкеш иш алып баруу үчүн жогорку квалификациялуу кадрлар керек. Ушул максатта Улуттук банктын кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүү, жаш адистерди тартуу жана кесипкөйлөрдү окутуу демилгесин колдодум. Бул – биздин элибизге жана өлкөбүздүн келечегине жасалган инвестиция.
Кадырлуу мекендештер!
Бүгүн ачылып жаткан жаңы имарат – улуттук валютанын ыйык ордосу, каржы тутумубуздун жүрөгү. Бул имараттын пайдубалында элдин ишеними, Улуттук банктын 30 жылдан ашкан тарых-таржымалы, келечек муундардын үмүт-тилеги бар. Бул жерде өлкөбүздүн экономикалык багытын аныктаган маанилүү чечимдер кабыл алынат, элдин ишенимин актай турган келечектүү иштер аткарылат.
Мамлекеттин күчү анын алтын резерви же жер байлыгы менен гана чектелбейт, ал элдин ишениминде, мыйзамдын үстөмдүгүндө жана жөнөкөй адамдардын жашоо-турмушун жакшырта билүүдө. Улуттук банк – мына ушул баалуулуктардын күзөтчүсү болушу шарт.
Бул жаңы имаратта иштей турган адистер өздөрүнүн билими, энергиясы жана Мекенге болгон сүйүүсү менен өлкөбүздүн экономикасын жаңы бийиктиктерге чыгарарына, сомдун туруктуулугун сактап, элдин үмүт-тилегин актап, улуттук кызыкчылыктарды ар дайым жогору коёруна бекем ишенем.
Улуттук банктын урматтуу кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздердин көп жылдык эмгегиңер, Ата Мекен алдындагы жоопкерчилигиңер, мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон зор салымыңар үчүн өз атымдан жана жалпы журтубуздун атынан терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин күнү-түнү тыным албаган аракетиниздер менен Улуттук банкыбыз жаңы дем менен жаңы доорго кадам таштап жатат.
Урматтуу мекендештер, жаңы ачылып жаткан имарат — экономикабыздын келечеги, сомубуздун кадыр-баркы үчүн бекем пайдубал болуп берсин.
Өлкөбүздүн экономикасы бекем, сомубуздун кадыры жогору болушуна тилектешмин!
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы — ар дайым эгемендиктин тиреги, экономикалык туруктуулуктун кепилдиги болсун!
Жаңы имарат баарыбызга кут болсун!”.

Связанный пост