Кыргызстанда Элдик курултайдын өтө турган күнү өзгөрдү

 Кыргызстанда Элдик курултайдын өтө турган күнү өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров 20-октябрда IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизди.

Ага ылайык, Элдик курултайдын өтө турган күнү өзгөрдү.

Эми курултай Бишкек шаарында 25-декабрда өтөт. Буга чейин 22-декабрга белгиленген.

Курултайга жалпысынан 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоо, курултайды өткөрүү жана координациялоо үчүн уюштуруу комитети түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Элдик курултай 2022-жылдан тартып өткөрүлө баштаган. Быйыл төртүнчү ирет уюштурулат.

Связанный пост