Бишкекте дагы бир көп кабаттуу үй мыйзамдаштырылды
Бишкек шаарында дагы бир көп кабаттуу үй мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан көп жыл мурда мыйзамсыз курулуп калган көп кабаттуу үйлөрдүн маселесин чечүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Департаменттин директору Эрназарбек Суеркулов Бишкек шаарынын Тимур Фрунзе көчөсү 132 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолугуп, объектинин пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысын тапшырды.
Аталган объект “Элит Центро Строй” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуп, пайдаланууга өткөрүлгөн эмес. Мунун айынан жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болуп келген.
Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан баштап турак үйлөргө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп келет.