Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгондордун саны 488ге жетти
25-октябрга карата 488 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды.
Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.
Шайлоого карата өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.