Жолдордун 80 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда
Өлкөдөгү жолдордун 80 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жол транспорт тармагына бюджеттен каралган каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу жүзөгө ашып жатат.
“Булардын сап башына кыска убакыттын ичинде арыштуу кадамдар менен башталган улуттук маанидеги Барскоон-Бедел жолунун курулуш турат. Кытай менен түз байланышты түзө алган жаңы транспорттук коридор катары каралган бул мега долбоордун курулушун өлкө өз каражатынын эсебинен ишке ашырат.
Бишкек шаарынын айланасында альтернативдүү каттамдарды көбөйтүү, жол тыгынын жөнгө салуу максатында эки тилкелүү, эски тар жолдорду кеңейтүү планы иштелип чыгып, жүзөгө ашырылууда. Натыйжада алты тилкелүү алгачкы трассанын курулушу кызуу жанданып, эки деңгээлдүү жол түйүндөрү тургузулууда”,- деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС 5, Бишкек -Кант, Бишкек-Күнтуу-Шопоков унаа жолдору реконструкциядан өтүүдө.
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Нарын-Баетов, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкеси, Сафаровка-Барпы сыяктуу приоритеттүү объектилер салынып жаткандыгы айтылган. Ошондой эле алысты жакындаткан Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолундагы кошумча беш курулмада жумуштар кызуу жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.