Бүгүн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт
Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, иш-чарага ошондой эле Binance криптовалюта платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао катышат.
Түз эфир УТРКнын жана башка республикалык телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Башталышы — саат 11:00.