Данияр Амангельдиев жашыл энергетика жана экономика жаатындагы жаңы билим берүү мекемелеринин ачылышына катышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев өлкөнүн адамдык капиталын жана билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларга катышты. Алардын катарында №100 кесиптик лицейинин 85 жылдыгын майрамдоонун алкагында Жашыл энергетика боюнча окуу борборунун, ошондой эле Борбордук Азиянын Жогорку бизнес мектебинин (БАЖБМ) салтанаттуу ачылышы бар.
Жашыл энергетика боюнча окуу борборунун ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Данияр Амангельдиев кесиптик лицейдин эмгек рыногунда талап кылынган квалификациялуу кадрларды даярдоого кошкон салымын белгиледи. Ал педагогикалык жамаатка жан аябас эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, мекеме заманбап билим берүү стандарттарын активдүү киргизип, эл аралык кызматташтыкты кеңейтип жатканын баса белгиледи.
«Жаңы Жашыл энергетика боюнча окуу борборунун ачылышы студенттерибизге кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы алдыңкы технологияларды өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет, ал эми маданий борбор студенттик демилгелерди жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү үчүн аянтча болуп калат», – деп баса белгиледи Данияр Амангельдиев.
Андан соң ал Кыргызстандагы бизнес-билим берүүгө адистешкен эл аралык деңгээлдеги биринчи билим берүү борбору болгон Борбордук Азиянын Жогорку бизнес мектебинин ачылышына катышты. Данияр Амангельдиев мектепти түзүү Кыргызстандын жана жалпы аймактын экономикасын өнүктүрүүгө жөндөмдүү башкаруучулардын, ишкерлердин жана лидерлердин жаңы муунун калыптандырууда маанилүү кадам болорун белгиледи.
«Өлкөгө талдоо жана инновациялардын негизинде чечим кабыл алган адистер керек. Борбордук Азиянын Жогорку бизнес мектеби – бул азыркы чакырыктарга өз убагында берилген жооп», – деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.
Сөзүнүн аягында Данияр Амангельдиев кесиптик жана жогорку билим берүү тутумун өнүктүрүү улуттук артыкчылыктардын бири бойдон кала берерин баса белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети адамдык потенциалды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз мындан ары да билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, ишкердик компетенцияларды өнүктүрүүгө жана жаңы муундун бизнес маданиятын калыптандырууга багытталган демилгелерди колдойбуз», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.