Амангельдиев: Бүгүнкү күндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – бул айрым демилгелерди ишке ашыруунун куралы гана эмес, экономикабызды өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча IV эл аралык конференцияга катышты.
Өз сөзүндө Төраганын биринчи орун басары 2025-жылы “Инвестициялар жөнүндө” жана “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” жаңыланган мыйзамдар күчүнө киргенин белгиледи. Бул мыйзамдар мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн ачык-айкын механизмдерин, инвесторлор үчүн бирдей кепилдиктерди жана туруктуу инвестициялар үчүн узак мөөнөттүү шарттарды камсыз кылат.
«МЖӨ борборунун портфели 434 миллиард сомдон ашык суммага 90дон ашык долбоорду камтыйт. Бир жылдын ичинде 3 миллиард АКШ долларынан ашык инвестиция тартуу менен 10дон ашык келишимге кол коюлду», — деди Данияр Амангельдиев, МЖӨ алкагында ишке ашырылып жаткан бир катар ири долбоорлорду санады.
Ал 2025-жылы МЖӨ ишке ашырууга ата мекендик финансы институттары кошулганын кошумчалап, региондордун жетекчилерин МЖӨ долбоорлорун активдүү демилгелөөгө чакырды. Сөзүнүн аягында МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык экенин белгиледи. «Мамлекеттин, бизнестин жана эл аралык институттардын өнөктөштүгү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы болот деп ишенем», — деп жыйынтыктады ал.