Россияда кыргызстандыкка 1 млн рубль кенемте алууга жардам көрсөтүлдү

 Россияда кыргызстандыкка 1 млн рубль кенемте алууга жардам көрсөтүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү өндүрүштүк жаракаттан жабыркаган Кыргызстандын жаранына жардам көрсөттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, Д.А. аттуу жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан “Консалтинг энд Коачинг” ЖЧКсынын жетекчилиги менен зарыл болгон сүйлөшүүлөр жана иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада Кыргызстандын жаранына 1 млн рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди.

Белгиленгендей, бул учур Россиядагы мекендештердин эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өкүлчүлүктүн натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн мисалы болуп саналат.

Связанный пост