9 айда товар импорттоодо 50 мыйзам бузуу фактысы катталган

 9 айда товар импорттоодо 50 мыйзам бузуу фактысы катталган

2025-жылдын январь-сентябрь айларында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын чек ара ветеринардык көзөмөл пункттарында импорттук жүктөрдү жана жаныбарларды өткөрүү учурунда 50 мыйзам бузуу фактысы катталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, артка кайтаруу актылары түзүлдү.

Жалпы жыйынтык боюнча 130 партия жүк жана жаныбар артка кайтарылган. Алсак:

  • Казакстанга – 39 артка кайтаруу актысы;
  • Өзбекстанга – 6 артка кайтаруу актысы;
  • Россияга – 85 артка кайтаруу актысы.

Артка кайтарылган жүктөрдүн көлөмү:

  • жаныбарлар – 209 баш;
  • тоок жумурткасы – 306 400 даана;
  • сүт азыктары – 77,2 тонна;
  • эт азыктары – 145,2 тонна;
  • тоют – 129,4 тонна;
  • кымыз – 17 786 литр.

Бул чаралар өлкө аймагына ветеринардык жана эпизоотикалык талаптарга жооп бербеген продукциялардын кирүүсүнө жол бербөө, калктын биокоопсуздугун жана жаныбарлардын саламаттыгын коргоо максатында көрүлүүдө.

Связанный пост