УТРКнын башкы директору алмашты

УТРКнын башкы директору алмашты.
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Тиллебаев Болотбек Кочкорович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Ал эми Сатиев Уланбек Алимбаевич Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Сатиев Уланбек Алимбаевич учурда 41 жашта. Ал 1984-жылы 9-мартта Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында төрөлгөн.
Уланбек Сатиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “радиотелевидение жана кинематография” адистиги боюнча билим алган.
Көп жылдар бою ал президенттин оператору болуп иштеген.
2021-жылдын 23-июнунан тарта Сатиев Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары кызматын аркалаган.