Майыптыгы бар адамдар мамлекеттик алымдан бошотулат

 Майыптыгы бар адамдар мамлекеттик алымдан бошотулат

резидент Садыр Жапаров 2025-жылдын 17-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин жана камкорчуларын мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу максатында иштелип чыккан.

Бул чараны кабыл алуу төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:

– мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын сот аркылуу коргоону жөнөкөйлөтүүгө;

– оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн азайтууга;

– социалдык адилеттүүлүк жана адилет сотко бирдей жеткиликтүүлүк принциптерин ишке ашырууга.

Связанный пост