Кыргызстанда бир жуманын ичинде 6 миңге жакын КРВИ катталды

Жумалык мониторингге ылайык, үстүбүздөгү жылдын 42-жумасында (12–19-октябрь) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын 5 887 учуру катталган (интенсивдүүлүк көрсөткүчү – 81,5), бул көрсөткүч өткөн жуманын деңгээлинде калды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ооругандардын 64,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт (3 777 учур).
Лабораториялык көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча оорулуулардын арасында күз-кыш мезгилинде салттуу түрдө катталуучу вирустар табылган:
- аденовирус;
- респиратордук синцитиалдык вирус;
- метапневмовирус;
- парагрипп;
- риновирус.
Эпидемиологиялык сезон башталгандан бери, 2025-жылдын 40-жумасынан (29-сентябрь – 5-октябрь) тартып бүгүнкү күнгө чейин сасык тумоонун вирусу аныкталган жок.
Учурда айланып жүргөн вирустардын арасында негизинен риновирус (36,9%), андан кийин аденовирус (26,3%), парагрипп I–IV типтери (21,1%) жана башка вирустар (15,7%) басымдуулук кылууда.
Сасык тумоонун алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги 63 734 доза “Гриппол+” вакцинасын сатып алып, өлкөнүн бардык региондоруна бөлүштүрдү.
Вакцина биринчи кезекте тобокел тобундагы жарандарга арналган:
- медициналык кызматкерлерге;
- өнөкөт оорулары бар адамдарга;
- көп ооруй турган балдарга;
- 65 жаштан жогору адамдарга;
- кош бойлуу аялдарга.
Мындан тышкары, каалоочулар үчүн Бишкек шаарындагы төмөнкү жеке медициналык борборлордо акы төлөп эмдөө жүргүзүлүүдө: “Цадмир”, “Кроха”, “Малыш”, “Интермедикал”, “Комфортмедик”, “Поликлиника 312”.
Вакцинациянын баасы 400 сомдон 1000 сомго чейин.
Дарыгерлер сасык тумоонун алдын алуу үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоо сунушталат:
- респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз менен мурунду салфетка менен жабуу жана аны туура жок кылуу;
- организмдин өтө муздап же ысып кетишинен сактануу;
- өзүн начар сезген адамдар дене табы жогоруласа же сасык тумоонун башка белгилери байкалса, өз убагында обочолонуу;
- санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо (колду жуу, бөлмөлөрдү желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
- окуу жана эс алуу тартибин сактоо, ашыкча чарчоодон алыс болуу, таза абада көбүрөөк жүрүү, жетиштүү уктоо жана туура тамактануу;
- таңкы гимнастика жана дене тарбия менен машыгуу;
- эгер балада КРВИнин белгилери байкалса, аны мектепке же бала бакчага жөнөтпөө жана дарыгерге кайрылуу;
- беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо.
КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбастан, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.