Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Жамийла” мюзиклине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн “Жамийла” улуттук мюзиклинин спектаклине катышты.

Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде коюлган спектакль классикалык кыргыз адабиятынын заманбап интерпретациясы болуп саналат.

“Жамийла” мюзиклинде театрдын, музыканын, бийдин элементтери айкалышып, башкы каармандардын терең сезимдерин жана башынан өткөн окуяларды чагылдырат.

Спектакль сүйүү, берилгендик, кыргыз элинин маданий мурасы сыяктуу маанилүү темаларды козгойт.

Связанный пост