“Кемин” көмөк чордону кышка 95 пайыз даяр
500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордону кышка 95 пайыз даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган көмөк чордон өлкөдөгү эң ири 4 көмөкичордондун бири болуп саналат.
Июнь айында Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан көмөк чордондогу 1-автотрансформатор кезектеги оңдоодон өткөрүлсө, октябрь айында 2-автотрансформатор 500 кВ реакторду бөлүкчөлөрү менен оңдоодон өткөрүлдү.
Мындан тышкары, 220 кВ тарабынан 12 даана уяча бөлүкчөлөрү менен техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
“Кемин” көмөк чордонундагы калган оңдоп-түзөө иштери 1-ноябрга чейин толугу менен аяктайт.