Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына карата квалификациялык талаптар бекитилди

 Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына карата квалификациялык талаптар бекитилди

Министрелер кабинети камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрацияга квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө токтом кабылды.

 

Тиешелүү чечимге министрелер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

 

Документ “Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

 

Токтом менен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобо;

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө жобо; Кыргызстандагы актуардык иш жөнүндө жобо;

Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобо;

Баалоочуларга, камсыздандыруу сюрвейерлерине жана аджастерлерге квалификациялык талаптар жөнүндө жобо бекитилди.

Связанный пост