Республиканын аймагында коомдук жайларды көзөмөлдөөчү 3 миңден ашык видеобайкоо камералары бар

 Республиканын аймагында коомдук жайларды көзөмөлдөөчү 3 миңден ашык видеобайкоо камералары бар

Жалпысынан республиканын аймагында коомдук жайларды көзөмөлдөөчү 3 миңден ашык видеобайкоо камералары бар. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Батырбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунун Ак-Талаа районунан баштап, Баткен облусунун Лейлек районуна чейин коомдук жайларда орнотулган видео байкоо камералар Кырдаалдык борборлорго кошулуп, күнү-түнү көзөмөлдөнүп турат.

Ал эми ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборунун башчысынын орун басары Нургазы Шамырбеков ошол эле түз эфирден Бишкек шаарындагы аппараттык-программалык комплекстер орнотулган аймактарда жол кыймылынын коопсуздугу 3,5 пайызга, Чүй облусу боюнча 14 пайызга кыскарганын маалымдады.

“Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы боюнча айтсак, 90 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплексттер менен башталган. Акырындык менен аппараттык-программалык комплексттердин саны өсүүдө. Экинчи этапты жакынкы арада ишке ашырууга даярбыз. Экинчи этап ишке ашырууда республика аймагы боюнча 306 камера каралган. Анын ичинен 266 камера орнотулуп, иштөөгө даяр турат”,- деди Шамырбеков.

Ошондой эле атайын комиссия жол кыймылына кооптуу аймактарды аныктагандан кийин ошол аймактарга камералар коюлары кошумчаланды.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору жол кырсыктарын кыскартуу жана жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоо максатында 2019-жылдан бери иштеп, учурда өз натыйжаларын көрсөтүп келет.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост