Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 14 билим берүү объектисин курат
Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолукту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун II фазасы боюнча түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде уюштурулду.
Министр өз сөзүндө Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон конструктивдүү жана жемиштүү кызматташуу министрлик тарабынан жогору бааланарын белгиледи. Ошондой эле мындан ары да Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон долбоорлорду биргелешкен аракеттер менен ишке ашыруу пландалып жатканын кошумчалады.
Бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун биринчи этабы (I фазасы) ийгиликтүү аяктады. Долбоордун алкагында өлкө боюнча 10 миңге жакын окуучу заманбап талаптарга жооп берген 30 билим берүү мекемеси менен камсыздалды.
Ал эми II фазаны ишке ашыруунун алкагында 7 жаңы мектеп жана мектептерге 7 кошумча окуу корпусу курулат. Долбоорду 2026-жылы баштап 2029-жылы аяктоо пландалды.
Жолугушуунун соңунда тараптар өнүгүүдөгү жаңы демилгелерди жана келечектүү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да өнүктүрүү ниетин билдирди.
Белгилей кетсек, долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруу максатында Курулуш министрлиги 2025-жылдын июль айынан тарта тиешелүү иштерди жүргүзө баштаган. Натыйжада насыялык келишимге кечээ, 9-октябрда кол коюлду.