Санарип сом жакында жүгүртүүгө чыгарылат

 Санарип сом жакында жүгүртүүгө чыгарылат

Жакынкы убакта санарип сом өнөр жайдык деңгээлде жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Африка боюнча аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков билдирди.

Анын айтымында, Binance компаниясы, Кыргызстан жана Улуттук крипто кеңештин ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында келишимде каралган долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарына улуттук KGS стейблкоинин (туруктуу санарип акча) ишке киргизүү, санарип сомду колдоо жана улуттук крипторезервди түзүү кирет.

“Binance Pay төлөм системасын посттерминалдарга жана улуттук QR-кодго интеграциялоо, студенттерди окутуу жана биздин платформаны легалдаштыруу — негизги багыттардын бири болуп саналат. Тиркеме жана веб-версия кыргыз тилине ылайыкташтырылып, 20дан ашык макала которулду. Эртең университеттерде лекциялардын биринчи сериясы башталат”,-деди Хомяков.

Ал белгилегендей, улуттук стейблкоин менен санарип сом учурда тестирлөөдөн жана аудиттен өтүүдө.

“Санарип сом Улуттук банк тарабынан жабык блокчейнде өндүрүштүк ишке киргизилди. Жакынкы убакта ал өндүрүштө жүгүртүлүп баштайт”,- деп кошумчалады ал.

Эске салсак, буга чейин өлкөдөгү банктар виртуалдык активдер менен иштөө үчүн сервистерди тестирлөөгө мүмкүнчүлүк ала тургандыгы кабарланган эле.

Связанный пост