Президент: Бүгүнкү күндө Ош шаары өлкөбүздүн экинчи борбору катары стратегиялык мааниге ээ

 Президент: Бүгүнкү күндө Ош шаары өлкөбүздүн экинчи борбору катары стратегиялык мааниге ээ

Президент Садыр Жапаров: “Бүгүнкү күндө Ош шаары өлкөбүздүн экинчи борбору катары стратегиялык мааниге ээ болуу менен, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө борбор калаабыз Бишкектен кийинки өзөгү болуп келүүдө”
“Бүгүнкү күндө Ош шаары өлкөбүздүн экинчи борбору катары стратегиялык мааниге ээ болуу менен, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө борбор калаабыз Бишкектен кийинки өзөгү болуп келүүдө”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Ош шаарында Туу көтөрүү салтанатында сөз сүйлөп жатып.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Ордолуу Ош шаарынын кымбаттуу тургундары жана азиз меймандар!
Бүгүн биз 30 кылымдан ашуун бай тарыхы бар, Улуу Жибек Жолунун боюнда, цивилизациялардын тоомунда жайгашкан касиеттүү Ош шаарында турабыз. Кезинде бул жерден Адыгине бий, Кубат бий, Ажы бий, Алымбек датка, Алымкул амир-и лашкер, Курманжан датка, Полот хан сыяктуу улуу инсандар чыгып, ата-бабаларыбыздан калган мамлекеттүүлүктүн туусун кийинки урпактарга жеткирүүгө чоң салым кошкон. Мына ошол ата-бабаларыбыздын басып өткөн даңктуу жолун чагылдырган, биримдиктүү элибиз менен эгемен мамлекетибиздин белгиси – күн нуру түндүгүнөн төгүлгөн байрагыбызды Ош шаарынын так ортосунда 95 метр бийиктикке көкөлөтө көтөрүү салтанатына чогулуп олтурабыз.
Туубуз бийик желбиреген сайын ар бир кыргыз жаранынын көкүрөгүндө сыймык, көөдөнүндө Ата Мекенге болгон чексиз сүйүү жана берсин!
Баарыңыздарды бүгүнкү Туу көтөрүү салтанаты менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу — биздин көз карандысыздыгыбыздын, эгемендигибиздин, элибиздин биримдигинин ыйык белгиси. Ата-бабаларыбыз басып өткөн жолунда тууну аздек тутуп, көздүн карегиндей сактап келишкен. Бул ыйык туу атадан балага, муундан-муунга мурас катары өтүп, элдин ар-намысы, ариети, абийири катары каралган.
Кыл чайнашкан кырдаалдарда, канды-булоон согуштарда туу көтөрүү эң эр жүрөк, тайманбас жоокерлерге гана ишенип, тапшырылган. Кыргыздын жан дүйнө байлыгына айланган улуу “Манас” дастанында: “Туу түбүндө турушуп, туубуз качпай турат деп, кубат кылып урушуп…” деп бекеринен айтылбаса керек.
Тарыхый булактарда – байыркы кытай жана араб жазма эмгектеринде кыргыздардын төрт түстөгү туулары тууралуу маалыматтар арбын. Анда көк түс — асман менен Көк Теңирдин символу; ак түс — ыйыктык менен аруулуктун белгиси; жашыл түс — жашоонун, жаштык демдин; кара түс — чоңдуктун, кубаттуулуктун белгиси катары колдонулуп келгени айтылат.
Тарыхый фактылар кыргыз элинин тууга болгон мамилеси жөн гана символ эмес, дүйнөтааным менен турмуш философиясынын бир бөлүгү болгонун тастыктап турат. Эзелтен кыргыз эли тууну ыйык тутуп, аны урушка чыкканда бийик көтөрүп, жоокерлерге дем берген. Эл-жеринин эркиндиги үчүн башын сайган эрлерибиз кызыл туунун алдында ант беришкен.
Бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кызыл түсү — байыркы бабаларыбыздын баатырдык туусунун уландысы. Кызыл түс — эрдиктин жана тайманбастыктын белгиси, асабанын ортосундагы күндүн алкагындагы түндүк — кыргыздын куту, ырыскысы катары сыпатталарын дагы бир жолу сыймыктануу менен айта кетейин. Түндүгүбүз ар дайым Ата Журттун урагыс биримдигине, кыргыз жарандарынын бекем ынтымагына чакырып турат.
Түндүктөн чачыраган күн нурлары — кырк уруу кыргыз элинин бир максатка топтолуп, багыт алгандыгын символдоштурат. Демек, биздин Туубуз — биримдиктин, ынтымактын жана дөөлөттүн түбөлүк символу!
Мына ошондуктан эгемен мамлекеттин белгисин туюнткан, тарыхыбыз менен келечегибизди бириктирген туу астында мамлекет башына келген президенттер дагы ант беришет.
Ордолуу Ош шаарынын ардактуу тургундары жана кадырлуу меймандары!
Бүгүн биз шаардын так ортосуна мамлекеттик туубузду 95 метр бийиктикке көкөлөтө көтөрүү менен Ош шаарынын 3025 жылдыгын белгилөөнү баштап олтурабыз. Улуу Жибек жолуна чыйыр салган улуу Кытайдын Чжан Цянь деген саякатчысы Эркеч-Там аркылуу дал ушул биздин Ош шаарыбызга түшүп, Давань мамлекетине өткөнү да Ош шаарынын байыркылыгынан, тогуз жолдун тоому болгонунан кабар берип турат.
Ошондой эле кезинде касиеттүү Ош шаары аркылуу Чыгыш менен Батыштын соода кербендери өтүп, сооданын, кол өнөрчүлүктүн жана маданияттын борбору болгону алыс-жакын чөлкөмдөргө жакшы маалым.
Орто кылымдардан бери илим-билимдин чордонунда болуп келген Ош жергесинен XII кылымда чыккан даанышман илимпоздор, дин аалымдары, акындар бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө таанылган. Омар ибн Муса аль-Оши, Сиражудин Али ибн Осман аль-Оши, Мухаммад Абу Абдуллах аль-Оши жана башка биздин ойчул жердеш ата-бабаларыбыз ушул ооматтуу Оштон билим алып, дүйнөгө илим тараткан.
Бүгүнкү күндө Ош шаары өлкөбүздүн экинчи борбору катары стратегиялык мааниге ээ болуу менен, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө борбор калаабыз Бишкектен кийинки өзөгү болуп келүүдө. Мына ошондуктан, үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен Ош шаарына 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү.
Бул каражатка жолдор салынып, атайын техникалар жаңыланып, социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат.
Бул да болсо мамлекетибиздин Ошко жасаган өзгөчө мамилеси, элибиздин турмушун жакшыртууга болгон камкордугу.
Биздин максатыбыз – көп этностуу шаар калкын, келечегибиз болгон Ош шаарынын жаштарын ар тараптан колдоо болуп саналат. Биз мындай камкордугубузду мындан ары да улантабыз.
Урматтуу калайык калк!
Жаратканга шүгүр келтирели, чет өлкөгө болгон иш сапарларда, дипломатиялык жолугушууларда болобу, же спорттук мелдештерде, эл аралык маданий иш-чараларда болобу, көз карандысыз мамлекет экенибизди тастыктап турган кыргыз туубуз ар дайым бийик желбиреп келет. Мына ушул сыймыкты сезе билели, мына ушул дөөлөттү көтөрө билели, жарандык парз катары ар бирибиз кыргыз туусун урматтап-сыйлай билели.
Туу көтөрүү салтанатыбыз улуу максаттарга карай жасалган ишенимдүү кадамдарыбыздын бири болсун.
Ордолуу Ош шаарынан эл аралык айдыңда кыргыз туусун бийик желбиреткен эр азамат уул-кыздарыбыз көп чыксын!
Ылайым, Туубуз түбөлүк желбирей берсин!
Ош шаарынын күнү баарыбызга кут болсун!
Баарыңыздарды бүгүн майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!”.

Связанный пост