Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди
“Манас” стадионунда Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана башка сыйлуу коноктор катышышты.
Салтанатта облус башчысы Элчибек Жантаев район тургундарын маараке менен куттуктап, Кара-Суунун тарыхый жана азыркы жетишкендиктерин белгиледи.
“Бүгүн — баарыбыз үчүн өзгөчө күн. Биз сыймыктануу менен Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Кара-Суу — эзелтен эмгекчил эли, берекелүү жери менен белгилүү аймак. Бул жерде тарбияланган чыгаан уул-кыздар өлкө өнүгүшүнө зор салым кошуп келишкен. Токсон жылдык — бул ар бир үй-бүлөнүн, ар бир жарандын талыкпас эмгегинин жемиши. Ынтымактын, биримдиктин аркасында Кара-Суу бүгүн айыл чарбада, соодада, билим менен маданиятта алдыга озуп, бүтүндөй облустун сыймыгына айланды. Ишенем, мындан ары да район гүлдөп-өсө берет”, — деди ал.
Мааракелик иш-чара концерттик программа, театрлаштырылган көрүнүштөр жана маданий иш-чаралар менен уланды.