Бишкекте бош орундар жарманкесинде 5 миңден ашуун жумуш орду сунушталды
Бишкекте “Бош орундар жана карьера жарманкеси” өтүп, 5 миңден ашуун жумуш орундары сунушталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жарманке Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чарага эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, министрлик жумуш издеп жүргөн жарандарды ишке орноштурууга активдүү көмөктөшүп келерин белгиледи.
“2025-жылдын 1-сентябрына карата активдүү иш менен камсыз кылуу чараларынын алкагында (коомдук акы төлөнүүчү иштер, кесиптик окутуу, социалдык контракт) эмгек рыногуна 20 484 жумушсуз жаран тартылды. Иш менен камсыз кылуу кызматынын колдоосу менен 9 798 адам ишке орношту. Мындай жарманкелерди өткөрүү да адамдарга жумуш табууга натыйжалуу ыкма болуп саналат. Бүгүн 100дөн ашуун ишкана 5миңден ашык жумуш орундарын сунуштап жатат. Сиздер түздөн-түз иш берүүчүлөр менен баарлашып, тестирлөөдөн өтүп, адистерден кеңеш ала аласыздар. Ушундай жарманкелер октябрь айында өлкөнүн бардык региондорунда өтөт”, – деди ал.
Жарманкеде жарандар борбор калаанын ишканаларынын жумуш орундарын көрүп, кесиптик тестирлөөдөн өтүп жана адистерден консультация ала алышты. Окуучулар жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн профориентациялык тесттер жана келечектеги кесипти тандоо боюнча консультациялар уюштурулду.