Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору алмашты

Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Абдымомунов Айбек Тынчылыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров койду.
Молдажиев Казыбек Илияскарович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.