Өлкөдө 867 соцкызматкер 9 458 улгайган жаранга үйүнө барып кызмат көрсөтөт

Бүгүнкү күндө аймактык башкармалыктарда 867 социалдык кызматкер 9 458 улгайган курактагы жарандарга үйүнө барып тейлешет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, алардын ичинде:
- жалгыз бой улгайган жарандар – 3 753;
- майыптуулугу бар жарандар – 2 229;
- жубайлар – 352;
- оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр – 3 124.
Ар бир соцкызматкер кызмат алуучуну жекече түзүлгөн графикке ылайык, аймактык башкармалыктын жетекчиси бекиткен тартипте, жумасына жок дегенде эки жолу барып тейлейт. Орточо эсеп менен бир адистин карамагында 8ден 12ге чейин кызмат алуучу болот. Социалдык кызматкердин жумуш убактысы жумасына 40 сааттан ашпайт.
Социалдык кызматкерлер социалдык колдоого муктаж жарандарды өздөрүнүн жазуу түрүндөгү арызынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кошуналардын же жакын туугандардын кайрылуулары аркылуу аныктайт.
Министрлик белгилегендей, социалдык кызматтарды үй шартында көрсөтүү улгайган жарандардын, майыптуулугу бар жарандардын жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын колдоого, калктын социалдык корголушун чыңдоого жана мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.