Өлкөдө үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берилүүдө

 Өлкөдө үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берилүүдө

Үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү долбоору боюнча 2,85 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө үрөнчүлүктү жана питомниктерди андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңыртууну өз убагында жүргүзүү максатында министрлер кабинетинин “Кыргызстанда үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү” долбоору бекитилген.

Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн суммасы 100 млн сом.

18-сентябрга карата бул долбоордун алкагында республика боюнча 2 каржылоо субъектисине 2,85 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит каржыланды.

Связанный пост