Кыргызстандыктар октябрь ичи мамлекеттик музейлерге акысыз кире алышат

2025-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына чейин Кыргызстандын бардык мамлекеттик музейлеринде «Ачык эшиктер айы» аталышындагы акысыз акция өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир ай ичинде өлкө жашоочулары жана меймандары туруктуу жана убактылуу көргөзмөлөрдү акысыз көрө алышат, ошондой эле атайын экскурсияларга, тарыхый-маданий маршруттарга, лекцияларга жана мастер-класстарга катыша алышат.
«Ачык эшиктер айынын» максаты — музейлерди элге жеткиликтүү жана кызыктуу кылуу, коомдун улуттук маданий мурас менен байланышын бекемдөө жана жаштардын арасында патриоттук сезимди ойготуу болуп саналат.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын президентинин коомдун руханий-адеп-ахлактык өнүгүшүнө, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана тарыхый мураска кызыгууну арттырууга багытталган жарлыктардын алкагында ишке ашырылууда. Ошондой эле акция Кыргызстанда биринчи музейдин негизделгенине 100 жыл толушуна карата уюштурулууда.