Энергетикалык объектилерде иштердин 90%дан ашыгы аткарылды

 Энергетикалык объектилерде иштердин 90%дан ашыгы аткарылды

2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата энергетикалык объектилерди жаңылоо жана даярдоодо иштери 90% дан ашык аткарылды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жүргүзүлүп жаткан реформага жана алдыдагы 2025-2026- жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыкты сапаттуу жүргүзүү талабына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому күз-кыш мезгилине туруктуу жана ишенимдүү энергетикалык инфраструктураны камсыз кылуу максатында жана 8 айдын ичинде комплексдүү капиталдык оңдоо иштери төмөнкүдөй аткарылды:

• 35–500 кВ чыңалуудагы 163 көмөк чордондордун жабдууларында;
• 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 2522 трансформатордук көмөк чордондордо;
• 709 чакырым 35–500 кВ аба чубалгыларында;
• 2409км чакырым 10–0,4 кВ аба чубалгыларында.

Ошондой эле учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлдү:

• 467 көмөк чордондордун жабдууларында (35–500 кВ);
• 13863 трансформатордук көмөк чордондордо (6–10/0,4 кВ);
• 6598чакырым аба чубалгыларында (35–500 кВ);
• 27703 чакырым аба чубалгыларында (10–0,4 кВ).

Мындан тышкары, имараттарды, курулмаларды, тейлөөчү унааларды оңдоо иштери, ошондой эле энергетикалык объектилерди суу-ташкынынан жана аба-ырайынын таасиринен коргоого багытталган чаралар да көрүлүүдө.

Связанный пост