Жаңы Баткен шаарын курууга 760 гектар жер трансформацияланды

 Жаңы Баткен шаарын курууга 760 гектар жер трансформацияланды

Жаңы Баткен шаарынын жери трансформацияланып, шаарды куруу боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жумушчу топтун курамына тийиштүү мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү кирип, жыйынга президенттин өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилик кылды.

Анда шаарды пландаштыруу, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди куруу маселелери талкууланып, жумушчу топтун тең төрагаларына тармактарды бөлүү сунушу каралды.

Белгилей кетсек, буга чейин жаңы шаар курулуучу Баткен районунун Бужум айылынын күн чыгыш тарабында тике суу кудугу казылып, суу чыгаруу аракети сыноодон өткөн.

Буга чейин жаңы шаарды куруу үчүн 760 гектар жерди трансформациялоо боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан.

Жаңы Баткен шаары аймакты өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планынын алкагында курулуп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.

Связанный пост