Өлкөдө жыл аягына чейин 4 соода-логистикалык борбор ишке берилет

Жыл аягына чейин өлкөдө 4 соода-логистикалык борборду пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы жалпы 9 соода-логистикалык борборду пайдаланууга берүү пландалган. Учурда анын бешөөсү ишке берилди.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 34 соода-логистикалык борбор бар.
Кыргызстанда экспорттук жана импорттук агымдарды натыйжалуу башкаруу, айыл чарба продукцияларын сактоо жана бөлүштүрүү максатында жаңы соода-логистикалык борборлорду түзүү иштери улантылууда.