«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форуму башталды
Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Борбордук Азия мамлекеттеринин «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер» аттуу III Парламенттер аралык форум башталды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев, Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин Төрагасы Рустами Эмомали жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева катышууда.
Ал эми Түркмөнстандын атынан аталган өлкөнүн Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуры Голлиев келди.
Тараптар форумдун алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү маселелерин талкуулай тургандыгы күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейинки форумдар 2023-жылы Казакстан Республикасында, ал эми 2024-жылы Өзбекстан Республикасында өткөн.